Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:34

Отунбаева Баткенде жамааттык бала бакчаларды кыдырууда


Экс-президент Роза Отунбаева ушул күндөрү Баткендеги жамааттык бала бакчаларды кыдырууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн Баткен боюнча өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Кубатбек Айбашов билдирди.

Отунбаева ЮНИСЕФтин Оштогу филиалынын жетекчиси Бенжамин Фишер менен чогуу Баткен районунун Кызыл-Бел, Чоң-Талаа жана Паскы-Арык айылдарына барды. Бүгүн Лейлекке барат. Баткен мамлекеттик университетинин студенттери жана билим берүү тармагынын жергиликтүү жетекчилери менен жолугуп, мектепке чейинки тарбия, окутуу маселелерин талкуулайт.

ЮНИСЕФтин демилгеси менен Кыргызстандын бир катар алыскы райондорунда жамааттык бала бакчалар ачылып иштеп жатат. Алардын айрымдары жайлоодо, боз үй ичинде. Президенттиктен кеткенден кийин Отунбаева "Роза Отунбаеванын демилгелери" фондун ачып, эл аралык уюмдар менен Кыргызстандын кызматташтыгын бекемдөө багытында иштеп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG