Линктер

шаршемби, 22-февраль, 2017 Бишкек убактысы 00:47

Орусия кыргызстандык алты мигрантты айыпка жыкты


Орусиянын миграция кызматы “Нелегал- 2012” ыкчам-профилактикалык иш чаранын алкагында Твер шаарынын Красин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн бирин текшерип, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары мыйзамсыз иштеп жүргөнүн аныктаган. Алардын ичинен Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн алты кыргызстандыкты айыпка жыкты. Алар эки миң рубль айып пул төлөгөн соң бошотулду. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин маалымат кызматы кабарлады. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG