Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Бишкекте камалган депутаттардын жакындары митингге чыкты


Жогорку Кеңештин имаратынын алдына камактагы депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун 200дөй жакындары, туугандары митингге чыкты. “Ата-Журт” партиясынын төрагасынын орун басары Данияр Жаныкуловдун “Азаттыкка” айтымында, алар акыйкат чечим чыгып, депутаттардын бошотулушун талап кылып жатышат.

ЖК депутаттары, “Ата-Журт” партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов “Конституциялык бийликти кулатууга аракет жасаган”, “Бийликти басып алууга чакырык жасаган” делип, эки айга камалган.

3-октябрда Бишкекте Кумтөр алтын кенине байланыштуу болгон митинг, тополоң менен аяктаган соң аталган үч депутатка Акүйдү басып алуу аракети фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Азыр алар УКМКнын тергөө абагында. (КЕ)

XS
SM
MD
LG