Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:41

Бишкекте митингчилердин өкүлдөрү Ак үйгө киргизилди


“Азаттыктын” кабарчысы Мирлан Токталиевдин айтымында, камактагы депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун бошотулушун талап кылып чыккандардын сегиз өкүлү ушул тапта Жогорку Кеңештин имаратына кирип кетти. Алардын ким менен жолугушары азырынча белгисиз. Буга чейин митингге чыккандар президент Алмазбек Атамбаев менен жолуктурууну талап кылып жатышкан.

Президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов Атамбаев бүгүн митингге чыккандарды кабыл албай тургандыгын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, президенттин аппарат жетекчисиинин милдетин аткаруучу Данияр Нарымбаев кечээ, 9-октябрда Ташиевдин алты жактоочусун кабыл алган. Ал бардык маселе мыйзам чегинде чечилерин билдирген. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG