Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:57

Улуттук улуу курултай бийликке кайрылуу жолдоду


Улуттук улуу курултай кыймылы бүгүн Бишкектин жогору жагындагы тарыхый комплексте Конституцияны өзгөртүү, жаратылыш байлыктарын сатпоо жана курултай жөнүндө мыйзамды кабыл алуу талабы менен жүрүш өткөрдү. Кыймылдын Улуттук кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин “Азаттыкка” айтымында, алар президент Алмазбек Атамбаевге, Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашевага жана Жогорку Кеңешке кайырлуу жолдошту.

Кайрылууда 10-ноябрга чейин Жогорку Кеңеш Баш мыйзамды кабыл алуу боюнча референдум өткөрүү чечимин кабыл алсын, кабыл албаса тарасын деген талап айтылган. Экинчиси, референдумга Элдик курултай жыйыны тарабынан кабыл алынган Баш мыйзамдын жаңы долбоору коюлсун, үчүнчү, жер-суу, кен байлыктарды сатууга каршы чыгып камалган жарандардын иши калыс, адилет каралып, күнөөсү жоктор бошотулсун, - деген талаптар. Бир айда бул талаптар аткарылбаса кезексиз митингдер өткөрүлөрү да белгиленген. Кошалиевдин айтымында, бүгүнкү иш-чарага 100дөн ашуун киши катышты. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG