Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:12

Түрк армиясы Сириядан аткылоо улана берсе “чоң күч” менен жооп берет


Түркия армиясынын Башкы штабынын башчысы, генерал Неждет Озел бул тууралуу бүгүн куралдуу жаңжал жүрүп жаткан Сирия тараптан аткылоодон беш тургуну мерт болгон шаарчага барган учурунда билдирди.

Өткөн шаршембидеги алгачкы аткылоодон соң чек арада эки тараптан тең артиллерия жана минемоттон атышуулар бир нече күн катары менен кайталанды.

Түрк армиясынын Башкы штабынын башчысынын бүгүнкү сөздөрү алдында кечээ НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен эгер зарыл болсо Түркияны Сириядан коргогудай план даяр экендигин айткан. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG