Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:43

Жалал-Абадда ачкачылык жарыялагандардын саны - 25


Камактагы депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун бошотулушун талап кылып ушул тапта 25 киши ачкачылык жарыялоодо. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Маматжан Миянов кабарлады. Анын айтымында, ачкачылык кармагандардын саны улам өзгөрүүдө. Саламатыгына байланыштуу айрымдары ачкачылыкты токтотсо, кайра кошулгандар да болууда.

Кечээ кечинде ачкачылык жарыялагандардын саны 40ка жеткени кабарланган. Бүгүн түшкө маал алардын саны 18ге түшкөн. Ачкачылык жарыялагандардын жанында дарыгерлер отурат. Ушул тапта ачкачылык жарыялагандардан бир гана Зинагүл Ташиева гана ооруканада, калгандары амбулаториялык дарыланууга жиберилген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG