Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Малды индентификациялоо боюнча долбоор эмки аптада талкууланат


Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитети 15-октябрда Малды индентификациялоо тууралуу мыйзамды талкуулайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган комитеттин мурдагы төрагасы Талант Узакбаев кабарлады. Мыйзам жалпы талкууга салынып, бир айдын ичинде кабыл алынышы мүмкүн.

3-октябрдан тарта казак тарап Кыргызстандан ташылган сүт азыктарына тыюу салган. Казакстан мындай кадамга кыргыз тарап өзүнө жүктөлгөн милдеттемелерди аткарбай койгону үчүн барганын билдирген. Ошондой эле Казакстан Кыргызстанда малды идентификациялоо тууралуу мыйзамды кабыл алмайын, сүт азыктарын өткөрбөй турганын билдирүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG