Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:59

АКШ жана НАТО: Ооганстандагы ички кол салуулар багыттан тайдырбайт


Леон Панетта жана Андерс Фог Расмуссен. Брюссель, 10-октябрь, 2012-жыл.

Леон Панетта жана Андерс Фог Расмуссен. Брюссель, 10-октябрь, 2012-жыл.

АКШнын коргоо министри Леон Панетта менен НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен бул тууралуу бүгүн Брүсселде НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйынынан кийин билдиришти. Баш катчы Расмуссен буларды белгиледи:

-Ооганстандын душмандары ички кол салууларды элдин ишенимине доо кетирүү үчүн колдонууга аракеттенүүдө. Бирок мындан майнап чыкпайт. Биз душманга стратегиябызды өзгөртүүгө, буга чейин жаралган ишенимге шек келтирүүгө жол бербейбиз.

Ооганстанда жергиликтүү полиция менен аскерлердин кийимин кийгендердин же НАТО атагандай “жашылдардын көктөргө кол салуусунан” улам быйыл 50дөй чет элдик аскер каза тапкан.

Бул көрүнүштүн соңку айларда күчөшүнөн улам, мындай иш НАТО менен ооган аскерлеринин өз ара ишенимине көлөкө түшүрөт, НАТОго мүчө өлкөлөрдүн Ооганстандагы миссияны колдоосун азайтат деген тынчыздануулар чыккан.

НАТО башчысы белгилегендей, “жашылдардын көктөргө кол салуусунун” 80% ооган калкынын 20% жашаган аймакта болууда.

АКШ коргоо министри Леон Панетта болсо Брүсселдеги жыйында НАТО боюнча өнөктөштөрдү чет элдик аскерлерге каршы ички жана башка кол салууларды токтотуу үчүн эффективдүү чаралар көрүлүп жатканына ынандырууну көздөдү.

Буга чейин жарыяланган стратегия боюнча НАТО аскерлери Ооганстандан 2014-жылдын аягына чейин чыгып кетиши керек. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG