Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

Ирактын өкмөт башчысы НАТОну Сирияга кийлигишпөөгө чакырды


Нури ал-Малики НАТОну Түркияны коргоп калууну шылтоо кылып, Сирия жаңжалына кийлигишпөөгө үндөдү. Малики Түркиянын «Сириядан ок атылып, киши өлүп жатат» деген ырастоосу «өтө аша чапкандык» экендигин белгилеп, Анкараны «Сирия жаңжалына НАТОну аралаштырууну көздөйт» деп күнөөлөдү. НАТО альянсы шейшембиде зарыл болсо, Түркияны коргоо үчүн «бардык зарыл пландар даяр» деп айткан эле. Малики Орусияда үч күндүк визит менен жүргөндө сүйлөдү.

XS
SM
MD
LG