Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:45

Тимошенконун бөлөсүнө тийешелүү кафе талкаланды


Белгисиз адамдар Украинанын чыгышындагы Днепропетровск шаарында азыр түрмөдө отурган экс-премьердин бөлөсү Татяна Шарапова ээлик кылган кафедеги фонтанды, жарыктандыруучу 17 түркүктү, бир нече отургучту талакалап кетишти. Шарапова 6 жарым миң доллардык зыян келгенин билдирди. Анын айтымында, алдыңкы күн эки аял келип, бул кафе Тимошенкого же анын кызына тийешелүү эмеспи деп сурап кетишкен. Тимешенко өкмөт башында турганда кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген кине менен былтыр октябрда жети жылга кесилген. Тимошенко соттун чечимин саясий заказ деп мүнөздөгөн.

XS
SM
MD
LG