Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:21

Балдарды чет өлкөгө асыроодо жаңы талаптар коюлат


Социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандан чет элдик жарандарга бала асырап алуусун уюштурган фирмаларды каттоого алуунун жобосун өзгөртүүнү сунуштап жатат. Социалдык өнүктүрүү министрдин орун басары Эдил Байсалов “Азаттыкка” билдиргендей, жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, бала асыроо жаатында иш алпарган чет өлкөлүк фирмаларды каттоодо, ошол өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын уруксаты жана кепилдиги талап кылынат.

Буга чейин мындай тартип каралбай, министрлик түздөн-түз эле фирмалар менен келишим түзүп келген.

Ошондой эле Байсалов чет өлкөгө асыроого кеткен балдардын ал-акыбалы менен таанышып туруу үчүн бир катар өзгөртүүлөр каралганын билдирди:

-Биздин негизги максатыбыз биринчи кезекте бала багууну каалаган кыргызстандык үй-бүлөлөргө жол ачып берүү. Андан соң кайсы бир жагдайлардан улам мекендештерибиз баш тарткан балдарды багып алууну каалаган чет өлкөлүк үй-бүлөлөргө асыроого берүүнү уюштурабыз. Асыроого берилген соң алардын андан аркы тагдырына тынымсыз көз сала турган механизмдерди киргизели деп жатабыз-

Эдил Байсаловдун ырасташынча, ноябрдын аягына чейин жаңы жобонун кабыл алынаары күтүлүүдө.

Ушул жайда балдарды чет өлкөгө асыроонун ири коррупциялык схемаларынын бети ачылган. Учурда жетим балдарды асыроого берген чет өлкөлүк фирмадан пара алган деген айыпталган мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабиров жана анын орун басары Гүлнара Дербишованын үстүнөн сот жүрүп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG