Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:02

Жасалма виза мене ажылыкка барууну каалаган жаран кармалды


Бул тууралуу ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сейитов билдирди. Маалыматка ылайык, эки күн мурда Өзгөн районунун жашоочусу “Манас” аэропортунан 75 даана жасалма виза менен кармалган. Визалар Сауд Арабиясы тарабынан берилгени көрсөтүлгөн. Кылмышка шектүү мындай жол менен визаларды башкаларга сатып, ажылыкка жөнөтүүнү пландаганы айтылууда.

Учурда бул кылмышты ИИМ муфтият менен биргеликте текшерип жатат. Ал эми быйылкы ажылыкты уюштуруу боюнча жооптуу болгон муфтияттын өкүлү Замир Ракиевдин айтымында, жасалма визалардын муфтиятка эч тиешеси жок.

-Бизге Сауд Арабиясы тарабынан 4500 орун бөлүнүп берилген, ошонун баары ачык жол менен сатылган. Ал эми айтылып жаткан визалар кайдан чыкканы тууралуу маалыматка ээ эмеспиз жана буга муфтияттын эч тиешеси жок, - деди Ракиев.

Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү адам Бишкек ШИИБсинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Быйыл кыргызстандыктар ажылык зыяратка 2-октябрдан тарта аттана баштады. Бүгүнкү күнгө 2500 дөн ашык адам Меке шаарына жөнөп кетти.(BkA)

XS
SM
MD
LG