Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:37

Таласта кичи футбол боюнча эл аралык турнир башталды


Бүгүн Талас шаарында маркум спортчу Кадырбек Атагараевдин элесине арналган кичи футбол боюнча эл аралык турнир башталды. 7-ирет өтүп жаткан мелдешке коңшу Казакстандын Тараз шаарынан эки, Бишкек шаарынан бир жана Талас шаарынан үч команда катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Талас шаардык спорт бөлүмүнүн башчысы Бейшенбек Осмоналиев кабарлады. Анын айтымында, турнирдин алкагында өспүрүмдөр жана 45 жаштан жогору футбол ардагерлери күч сынашат.

Кадырбек Атагараев 1976-жылы Таластын “Манас” өспүрүмдөр командасынын курамында ойноп, бүтүндөй СССР боюнча “булгаары топ” мелдешинде 3-орунду ээлеген. Кийин Кыргызстандын курама командасында ойногон. (MbA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG