Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:55

Атамбаев Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен жолунун ачылышына катышат


Бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Баткен облусуна барды. Президент иш сапары учурунда 2010-жылы курулушу башталган «Айгүл таш- Самат» жогорку чыңалуудагы электр чубалгысынын курулушу жана подстанция менен таанышат, аскер бөлүктөрүндө болот. Түштөн кийин Өзбекстандын Сох анклавын айланып өтүүчү Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен унаа жолунун ачылышына катышат. Мындан тышкары облустун уюшулганынын 13 жылдыгынын урматына бир нече имараттардын ачылуу аземине катышат.

Өзбекстандын Сох анклавын аралап өтүүдө кошуналардын каалаган учурда чек араны жаап алышынан, өзбек чек арачыларынын тыкыр текшерип, ар кандай шылтоолор менен азапка салышынан жадаган баткендиктер мындан алты жыл мурда Баткен-Бүргөндү-Пүлгөн жолун ашар ыкмасында оңдоп башташкан. Кийинчерээк демилгени өлкө бийлиги колдоп, эл аралык каржы уюмдары да көмөктөшкөн. (КЕ/JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG