Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:54

Жалал-Абадда ачкачылык акциясы уланууда


Жалал-Абад облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Маматжан Мияновдун “Азаттыкка” айтымында, ушул тапта ачкачылык жарыялагандардын саны 18ге түштү. Анын айтымында, ачкачылык кармагандардын саны улам өзгөрүүдө. Саламатыгына байланыштуу айрымдары ачкачылыкты токтотсо, кайра кошулгандар да бар. Ушул тапта ачкачылык жарыялагандардан бир адам ооруканада. Кечетен тартып ооруканага кайрылгандар болгон жок.

Ачкачылык кармагандар камактагы депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун бошотулушун талап кылышууда. Аты аталган депутаттар Биринчи май райондук соту тарабынан 5-октябрда мамлекеттик бийликти күчтөп басып алууга аракет кылуу жана Конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырык таштоо боюнча айып тагылып, эки айга камалган.

Жалал-Абаддагы ачкачылык акциясы 8-октябрда башталган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG