Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Бабанов: Тосмодон ашып түшкөндөрдөн тажадык


Ушул тапта Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында “Республика” партиясынын Бишкек шаардык жыйыны өтүүдө. Анда партия өкүлдөрү шаардык кеңешке катыша турган талапкерлерге добуш берип жатат. Жыйынга мурдагы премьер-министр, аталган партиянын лидери Өмүрбек Бабанов да катышууда. Ал жыйындын башында сөз сүйлөп, короодон ашып түшкөн депутаттардан, талап-тоноочулуктан тажаганын, өлкөнү өнүктүрүү керектигин белгиледи.

Ушул эле күнү “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын курултайы өтөт. Партиянын лидери Адахан Мадумаровдун “Азаттыкка” айтымында, анда Бишкек шаардык кеңеши менен башка жергиликтүү кеңештерге партия атынан катыша турган талапкерлер тизмеси бекитилет.

Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 25-ноябрга белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG