Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Кыргызстанда кыздардын 12% эрте турмушка чыгат


БУУнун балдар уюму – ЮНИСЕФ тараткан маалыматка алыйык, Кыргызстанда кыздардын 12% ашуун 18 жашка толо электе турмушка чыгышат. Ал эми айыл жерлеринде бул сан 14% ашат. Мындан сырткары эрте турмуш куруу көрүнүшү Кыргызстанда көнүмүш көрүнүш экени белгиленген. Адистердин айтымында, эрте турмуш куруу кыздардын укугун бузат, алардын балалыгын жок кылып, ден соолугуна, билим алуусуна зыян алып келет. Эрте турмуш куруунун көйгөйлөрү бүгүн Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги көргөзмөдө чагылдырылат.

Бириккен улуттар уюму тарабынан жарыяланган Кыздардын эл аралык күнү быйыл биринчи ирээт белгиленүүдө. Бул күн кыздардын укугун алга сүрөө, алардын көгөйлөрүнө көңүл буруу максатын көздөйт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG