Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:01

Ошто митингчилер боз үй тигүүгө уруксат берилишин талап кылууда


Оштун борбордук аянтында өтүп жаткан нааразылык акциясынын катышуучулары мэриянын имаратынын бир бурчундагы бакка боз үй тигүүгө уруксат берүүнү талып кылууда. Үй тигип, ачкачылык жарыялайм деген митингчилер уруксат берилбесе ызы-чуу чыгараарын айтууда.

Бүгүнкү митингге облустун ар кайсы аймактарынан келген 400дөн ашуун киши катышууда. Алар 3-октябрдагы митингде бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен камакка алынгандарды бошотууну талап кылып жатат.

Биринчи май райондук соту тарабынан 5-октябрда депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго мамлекеттик бийликти күчтөп басып алууга аракет кылуу жана Конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырык таштоо боюнча айып тагып, эки айга камоо чечимин чыгарган. (КЕ/ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG