Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

Ошто милиция менен митингчилер чатакташа кетти


Боз үй тигүүгө уруксат берүүнү талап кылган митингчилер менен милиция кызматкерлеринин ортосунда жаңжал чыгып кете жаздады. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, эки тарап боз үйдүн түндүгүн талаша кетти.

Бүгүнкү митингге облустун ар кайсы аймактарынан келген 400дөн ашуун киши катышууда. Алар 3-октябрдагы митингде бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен камакка алынгандарды бошотууну талап кылышууда.

Бир аз мурдарак нааразылык акциясына чыккандар менен өкмөттүн Ош облусу боюнча өкүлү Сооронбай Жээнбеков жолугуп, алардын талаптары борбордук бийликке жеткирилип жатканын айткан. Жээнбеков чогулган элди тынч митинг өткөрүп, ызы-чуу, чагымчылдыкка алдырбоого чакырган. (КЕ/ErN)

XS
SM
MD
LG