Бул маалыматты “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин академиясынын тарбия бөлүмүнүн жетекчиси Абдразак Турдубаев тастыктады. Нарын облусунун тургуну, 5-курстун курсанты Нурлан Ниязбеков 9-октябрда академиянын 3-кабатынан кулап кеткени айтылууда. Ал алган жараатынан улам ооруканада каза болду. Маркумдун сөөгү бүгүн Кочкордо жерге берилет.
Учурда курсаттын каза болушунун жагдайлары иликтенүүдө. (КЕ)
Учурда курсаттын каза болушунун жагдайлары иликтенүүдө. (КЕ)