Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:45

Оштогу митингге милиция кошумча күч тартты


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, Оштун борбордук аянтын атайын даярдыктагы кызматкерлер курчады. Ушул тапта митинг тынч өтүүдө, алар 3-октябрдагы митингде бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен камакка алынгандарды бошотууну талап кылышууда.

Бир аз мурдарак боз үй тигүүгө уруксат берүүнү талап кылган митингчилер менен милиция кызматкерлери боз үйдүн түндүгүн талаша кетип, жаңжал чыгып кете жаздаган. Бүгүнкү митингге облустун ар кайсы аймактарынан келген 400дөн ашуун киши катышууда. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG