Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:28

Нобелдин адабият боюнча быйылкы лауреатынын аты бүгүн аталат


Стокгольмдо 1 млн. 200 миң долларлык сыйлыкты жеңиши мүмкүн делинип жаткандардын катарында жапон жазуучусу Харуки Мураками, венгриялык эссеист Петер Надаш жана ирландиялык драматург Уильям Тревор бар. Ушул аптада Нобел сыйлыгынын медицина, химия жана Физика боюнча быйылкы жеңүүчүлөрүнүн ысымдары аталган. Эң башкы сыйлыктын – Нобелдин тынчтык сыйлыгынын – ээсинин аты эртең жарыяланат. Дүйнөдөгү абройлуу бул сыйлыкты швециялык индустриалист Альфред Нобель түзгөн жана алгачкы жолу 1901-жылы берилген эле. Сыйлыктарды ээлерине тапшыруу аземи 10-декабрда өтөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG