Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:50

Казак лидери Евразия Медиа форумунда ММКны жоопкерчиликке чакырды


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн Астанада ачылган форумдун катышуучуларына жолдогон кайрылуусунда: “Глобалдык жана ачык маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгү кеңейген азыркы доор маалымат каражаттарына жаңы талаптарды койду. Алардын коом алдындагы жоопкерчилигин жогорулатты”, - деп айтылат.

Форумга 40 мамлекеттен 450дөн ашуун делегат келген. Алардын катарында кабарчылар, саясатчылар жана коомдук лидерлер бар. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, форумдун күн тартибиндеги башка маселелер менен катар айтылуу “араб жазынын” регионго тийгизген таасири жана Европадагы көп маданияттуулук саясатынын кыйрашы да талкууга алынат.

Казакстан жылына өтүшү каралган Евразия Медиа форумун Чыгыш менен Батыштын ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү максатында 2001-жылы түзгөн.

XS
SM
MD
LG