Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Бишкекте жашыруун иштеп жаткан кумаркана табылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Нургүл Нусупова кабарлады. Анын айтмында, 6-октябрь күнү атайын иликтөөнүн негизинде Бишкек шаарынын Рыскулов көчөсүндө кумар оюндарын мыйзамсыз сунуштап жүргөн жай аныкталды. Тинтүү маалында кумарканада 15 оюнчу, мекеменин жетекчиси, эсепчи жана далдалчы болгон. Кассадан 1 миң 700 доллар, 53 миң сом табылган. Администратор жана эсепчи Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына камалды. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү жүрүп жатат.

Ушул жылдын башынан тарта Кыргызстанда кумарканалардын ишине расмий тыюу салынган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG