Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Кытайлык жазуучу Мо Ян Нобелдин адабият сыйлыгын утту


Мо Ян, 13-октябрь, 2009
Мо Ян, 13-октябрь, 2009
Нобелдин адабият сыйлыгынын быйылкы лауреаты болуп кытайлык жазуучу Мо Ян табылды. Бул тууралуу Стокгольмдогу иш-чарада бир нече мүнөт мурдараак жарыяланды.

Жеңүүчүнүн ысмын жарыялап жатып, Швеция академиясынын туруктуу катчысы Петер Энглунд: "Адабият боюнча Нобелдин 2012-жылдагы сыйлыгы өзүнүн чындыкка коошпогон реализмди элдик жомоктор, тарых жана азыркы заман менен айкалыштыра алган кытайлык жазуучу Мо Янга берилди", - деди.

Мо Яндын акыркы чыгармасы Кытайда 2009-жылы “Бакалар” деген ат менен жарыяланган жана анда автор бийликтерди “бир үй бүлөгө бир бала” деген саясаты үчүн сындаган.

Буга чейин букмекердик компаниялар быйыл сыйлыкты жапон жазуучусу Харуки Мураками утат деп болжоп жатышкан.

Ушул аптада Нобел сыйлыгынын медицина, химия жана Физика боюнча быйылкы жеңүүчүлөрүнүн ысымдары аталган. Нобелдин тынчтык сыйлыгынын ээсинин аты эртең жарыяланат.

XS
SM
MD
LG