Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Йемен: АКШ элчилигинде иштеген коопсуздук офицерин атып кетишти


Бүгүн баш калаа Санаада АКШнын элчилигинде иштеген жергиликтүү офицер Кассем Аклани жумушка баратканда мотоциклден келген белгисиз бирөө аны атып өлтүргөн. Кабарларга караганда, Аклани элчиликте 20 жылдан бери иштеген жана Йемен өкмөтү менен дипломатиялык миссиянын ортосунда координатор катары милдет өтөгөн эле. Азырынча эч ким анын өлтүрүлүшү боюнча жоопкерчиликти өзүнө ала элек. Бирок жергиликтүү бийликтер муну “Ал-Каида” жасаган болсо керек дешет.

Жакында интернетте Мухаммад пайгамбарды маскаралаган “Бейкүнөө мусулмандар” деген тасма чыккандан кийин, өткөн айда АКШнын Йемендеги элчилигине чабуул болгон. Анын үстүнө Йемен бийлиги АКШнын колдоосу менен өлкөдө “Ал-Каидага” каршы чабуулдарын да күчөткөн болчу.

XS
SM
MD
LG