Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:31

Пакистандагы жардыруулар 13 адамдын өмүрүн алды


Өлкөнүн түштүк-батышындагы Белужистан провинциясында бүгүн эки башка жардыруудан кеминде 13 киши өлдү. Полициядан билдиришкендей, алгач Сиби шаарчасында базардагы жардырууда 10 адам мүрт кеткен, 24 киши жаракат алды. Жардыруудан айланадагы бир топ дүкөндөр да жок болгон. Бир нече сааттан кийин Дера Бугти шаарчасында аскерлер жолдо баратканда мина жарылып кетти. Окуяда коопсуздук күчтөрүнүн үч өкүлү курман болду, дагы эки адам жаракат алган.

Чабуулдарды ким жасаганы белгисиз. Бирок жаратылыш ресурстарына бай бул региондо этникалык белужи жикчилеринин козголоңчул аракеттери көптөн бери уланып келатат. Анын үстүнө Белужистанда исламчыл козголоңчулар, талиптер да бар экени белгилүү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG