Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Түркия: сириялык учакта ок-дары болгон


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Анкарада конууга мажбурлган сириялык жүргүнчү учагында Сириянын коргонуу министрлигине багышталган жабдык жана ок-дары болгондугун билдирди. Түркиянын бийликтери Москвадан Дамаскка бараткан учакты шаршемби күнү өз аймагында конууга мажбурлаган эле. Анкарада кабарчылар менен сүйлөшкөндө Эрдоган «Бул жабдыктар менен ок-дарыны орусиялык агенттик Сириянын Коргонуу министрлигине жөнөткөн экен» деди. Ал ошондой эле жүктү текшерүү улантылып жатканын, тийешелүү чара көрүлөөрүн кошумчалады.

Сирия аталган учакта мыйзамсыз эч нерсе болгон эмес деп ырастаган. Сирия Араб аба жолдорунун директору Гайда Абдулатиф да ушул эле маңызда сүйлөдү:

- Учакты текшергенде, жарандык пакеттерди, электрондук жабдыкты табышты, алар каттоодон өткөн, тыюу салынбаган жабдыктар болчу.

Абдулатиф тинтүү мезгилинде бир нече киши кодулоого туш болгонун кошумчалады. Сирия бийликтери учактын айланасындагы окуяларды «каракчылык» деп мүнөздөдү. Ал эми Орусия Түркияны учактагы орусиялык жүргүнчүлөрдүн өмүрүн тобокелге салды деп айыптады.

XS
SM
MD
LG