Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Грецияда жумушсуздук 25 пайызга жетти


Грецияда жарыяланган расмий эсепке ылайык, өлкөдө жумушсуздук июль айында 25 пайыздан ашып түштү. Бул өлкө үчүн рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Андан туура бир жыл мурда бул сан-эсеп 18 пайызга жете элек болчу. Жаштардын арасында жумушсуздук азыр 50 пайыздан ашты. Ал арада Грециянын өкмөтү Эл аралык Валюта кору, Европалык Борбордук банк жана Европа Биримдиги менен жаңы сарамжалдоо планы боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатат.

XS
SM
MD
LG