Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:24

“Таза суу” долбоорун ишке ашыруунун жаңы ыкмасы сунушталат


Бүгүн Бишкекте өкмөт алдындагы курулуш жана аймактык өнүктүрүү агенттигинде айылдарды таза суу менен камсыз кылуу маселесин талкуулаган тегерек үстөл өтөт. Аталган агенттиктин ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана бөлүштүрүү департаментинен кабарлашкандай, анда “Таза суу” программасын ишке ашыруунун жаңы ыкмасы сунушталат. Бул ыкмага ылайык эл аралык донорлор каржылаган айылдарды таза суу менен камсыз кылуу долбоорлорун борбордук органдар менен эмес, жергиликтүү бийликтер менен түздөн-түз ишке ашыруу каралган. Адистер мындай жол менен долбоордогу коррупциялык иштерди азайтууну максат кылышууда.

Кыргызстанда 1400дөн ашык айыл ичүүчү суу муктаж. Мындай айылдарды таза суу менен камсыз кылуу максатында 2001-жылдан бери Азия өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк каржылаган долбоордун биринчи этабы ишке ашкан. Эми эмдиги жылдан тарта бул долбоордун экинчи этабы башталганы жатат.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG