Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Поп-жылдыз Мадонна пакистандык блогерди колдоп ырдады


Америкалык атактуу ырчы Мадонна Лос-Анжелес шаарында өткөн концертинде талиптердин огунан жабыркаган 14 жаштагы пакистандык блогер кыз Малала Юсафзайга арнап "Human Nature"аттуу чыгармасын тартуулады. Мадонна 18 миң көрүүчүнүн алдына “Малала” деген жазуусу бар жеңи чолок көйнөк кийип чыгып “Билимди коргойбуз! Аялдарды коргойбуз! Бул ырды Малалага арнайм!”,- деп өспүрүм кызга болгон кол салууну айтып берди.

Малала Юсафзай 2009-жылы талиптердин башкаруусу алдындагы жашоону Би-Би-Си радиосунун сайтына урду тилинде жазып чыккандан кийин белгилүү боло баштаган. Ал кийин да кыздардын укугун коргоп бир нече ирет блог жазган. Аны өткөн аптада мектептен чыгып бараткан жеринен белгисиз сакалчан адам башына атып кеткен. Кол салууну дароо эле "Техрик-и Талибан" уюму мойнуна алып, 14 жаштагы кыз исламды жана шариатты жаманатты кылган маалымат таратканы үчүн өлтүрүүнү чечтик деп билдиришкен. Окуядан бери Пакситандын бир нече шаарларында Малаланы колдогон акциялар өтүүдө.

XS
SM
MD
LG