Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Опера жана балет сезону ачылууда


14-октябрда Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театрынын 71-сезонунун ачылышы болот. Театрдын сезону Михаил Раухвергердин “Чолпон” спектакли менен ачылат.

Андагы Чолпондун ролун Зарина Мухаметшина, Нурдиндин ролун КР эмгек сиңирген артисти Талант Осмонов, терс каарман Айдайдын ролун Асел Айдарова аткарат. Улуттук балеттин классикасы болуп эсептелген "Чолпон" балети СССР учурунда көптөгөн жылдар катары менен Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн репертуарынан түшкөн эмес. Ал тууралуу "Ленфильм" киностудиясы тарткан фильм-балет дүйнөнүн 40тай өлкөсүндө көрсөтүлгөн.

Быйыл театрдын “Опера жана балет театр” деп аталганына 70 жыл болду. Туура бир айдан кийин Кыргызстанда опера жана балеттин эл аралык фестивалы өтөт. (AKu)

XS
SM
MD
LG