Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:52

Кытайда тибеттик ыйык кечил өзүн өрттөдү


Кытайдын Гуанси провинциясында өзүн өрттөп жиберген тибеттик кечил мерт болгону маалымдалды. Тибеттик адам укугун коргоочулардын билдиришинче, Тамдрин Доржи өзүнө Тсое кечилканасынын ныптасында туруп өрт коюп жиберген. Азыр кечилкананы мыкты куралданган полиция күзөтүп жатканы кабарланды. 52 жаштагы Доржини тибеттиктер кайыптан жаралчу жетинчи Гантенгом Тулку Римпоченин чоң атасы деп билишчү экен. 2009-жылдан бери Кытайда 50дөн ашуун тибеттик кечил өзүн өрттөп жиберген, алардын көбү тирүү калган эмес. Тибеттик адам укугун коргоочулардын жана Тибеттин сүргүндөгү өкмөтүнүн айтышынча, кечилдер Кытайдын башкаруусуна каршы өздөрүн өрттөшкөн. Кытай жетекчилиги тибеттиктердин сүргүндөгү руханий көсөмү Далай Ламаны кечилдердин өзүнө от койууга жана тибеттиктерди жикчилдикке көкүтөт деп күнөөлөп жүрөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG