Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:21

Таласта ардагерлер арасында волейбол мелдеши өттү


13-14-октябрь күндөрү маркум Бузурманкул Оторбаевдин урматына арналып, Талас шаарында курагы 45 жаштан жогорку ардагер оюнчулар арасында волейбол боюнча мелдеш уюштурулду. Мелдешке Бишкек, Чүй, Кара-Көл, Таш-Көмүр жана Талас шаарларынын командалары катышты. Бул туралуу маалыматты Талас шаардык спорт бөлүмүнүн башчысы Бейшенбек Осмоналиев кабарлады.

Мелдеште Бишкек шаарынын волейбол командасы биринчи, Таш-Көмүр жана Талас шаарларынын командалары кийинки орундарды ээлешти.

Бузурманкул Оторбаев 1991-1998-жылдырда Талас облустук волейбол федерациясын жетектеген. Бул турнир 6-ирет өтүп жатат. (MbA)

XS
SM
MD
LG