Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Испандар өкмөттүн бюджетти үнөмдөө планына нааразы


Испан өкмөтүнүн бюджеттик таңсыктыкты кыскартуу максатында кабыл алган катаал чараларына каршы кечээ шамдан кийин өлкө борбору Мадридде миңдеген адамдар нааразылык акциясына чыгышты.

Демонстранттар бюджеттик чыгымдарды азайтуудан катардагы жарандардын жабыркашы адилетсиздик, анткени алашем банктар евромейкиндиктен миллиарддаган евро жардам алууда дешүүдө. Премьер-министр Марино Рахоянын өкмөтү Испанияны рессециядан чыгаруу жана мамлекеттин карызын кыскартуу үчүн жумушчу рыногу менен финансы секторун реформалоого багытталган катаал чараларды бекиткен. Ансыз Испания эл аралык финансылык уюмдардан Грекия, Португалия жана Ирландия тейде чоң өлчөмдө насыя-жардам сурап кайрыла алмак эмес. Учурда жумушсуздук Испанияда 25 процентке тете. Бул Евробиримдиктеги эң чоң көрсөткүч.

XS
SM
MD
LG