Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Филиппинде 40 жылдык согуш токтотулууда


Филиппиндеги мусулман козголоңчулардын эң чоң тобу - Морону бошотуунун Ислам фронтунун лидери 14-октябрда өлкө ордосу Манилага биринчи расмий сапарга келди. Мурад Ибрагим баштаган эрегишчилердин даражалуу командирлери дүйшөмбү күнү Малаканянг президент сарайында 40 жылга чамалап калган адаватты токтотуу боюнча келишимге кол коюшат. Президент Бенигно Акино өткөн жумада жарыялагандай, келишимге ылайык 2016-жылы Филиппиндин түштүгүндөгү Миндано аралы Бангсаморо же Мусулман өлкөсү деп аталып, автономдук укукка ээ болот. Малайзиянын арачылыгы менен жетишилген бу келишимди эл аралык коомчулук колдоду. Филиппиндик тынчтыкты жактоочулардын ишениминде, келишим 1970-жылдан бери 100 миңдей адамдын башын жеген калабаны басуудагы маанилүү кадам.

XS
SM
MD
LG