Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:42

Сирия аба мейкиндигин Түркиянын жүргүнчү учактары үчүн жапты


Сириянын өкмөттүк САНА агенттиги бул кадам Түркиянын ушундай эле аракетине жооп ирети кабыл алынганын кабарлады. Анкара мындай чара киргизген эмес. Бирок учактар Башар Асаддын режимине курал-жарак ташып баратат деп шектелсе, аларды мажбур кондурарын билдирген.

Анкара шейшемби күнү Москвадан Дамаскиге бараткан сириялык пассажирдик учакты Түркияга мажбур кондурган жана учактын ичинен Орусияда жасалган радардык станцияга керектүү жабдыктар табылганын билдирген. Москва учакта каруу-жарак болгон эмес, бул мыйзамый рейсти аткарып жүргөн деп маалымдаган.

3-октябрда Сирия тараптан атылган снаряддан Түркиянын беш жараны өлгөндөн бери эки өлкө чек ара аймагында үзбөй аткылашууда.

Улуттар уюму менен Араб Лигасынын Сириядагы кризис боюнча чабарманы Лахдар Брахими ишемби күнү Стамбулга келип, абалды түркиялык расмий адамдар менен талкуулады.

XS
SM
MD
LG