Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:05

Башкы прокуратура Максим Бакиевди апкелүүгө киришти


Башкы көзөмөл органы өткөн жума күнү Лондондо кармалган Максим Бакиевди Кыргызстанга экстрадициялоо үчүн тиешелүү документтерди Британ өкмөтүнө бүгүн жибермекчи. Бул тууралуу Баш прокурордун биринчи орун басары Нурлан Жээналиев “Азаттыкка” билдирди.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу, ошол тушта президентке караштуу Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин жетекчиси Максим Бакиевге Кыргызстанда өзүнүн шериктери менен бирге миллиондогон долларлык мамлекеттик каражатты өз кызыкчылыгында пайдаланган жана апрель окуясынан кийин өлкөдө болгон кутумчул окуяларга тиешеси бар деген айып тагылып, ага эл аралык издөө жарыяланган. 2010-жылы июнь айында ал Лондондо кармалганы маалымдалып, көп өтпөй кайрадан коё берилгени кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG