Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Баткенде чек арачылар токтобой жатат


Кыргыз-өзбек чегиндеги кыргыз чек арачылары. Баткен, Кадамжай району.
Кыргыз-өзбек чегиндеги кыргыз чек арачылары. Баткен, Кадамжай району.

Облуста азыр үч жүздөй чек арачынын орду бош. Шарт начардыгынан дагы бир канчасы кызматын таштаганы жатканы айтылууда.

Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен тогошкон жеринде жайгашкан Баткен облусундагы чек ара тилкелеринин көпчүлүк бөлүгү алиге такталбаган бойдон турат. Азырынча шарттуу делген мындай тилкелерден сырткары жай айларында ачылчу 400дөй майда ашуулар да бар. Ошонун баарын чек арачылар толук көзөмөлдөп турушат.

Демек чек арачылардын аймак үчүн мааниси кыйла жогору. Ал гана эмес чек аралаш аймакта эки өлкө жарандарынын ортосунда майда-барат келишпестиктер, тирешүүлөр чыгып калса, ага да биринчи чек арачылар жетет. Бирок мамлекет бул кызматка жакшы көңүл бурбай жаткандыктан көпчүлүк чек арачылар кызмат ордун таштап кетүүдө.

Чек арачылардын ордун жана аларга болгон муктаждыкты өзгөчө чек арадагы айылдардын калкы жон тери менен сезип келатат. Тажикстан менен чектешип, эки ортодо тез-тез жанжал чыгып турган Көк-Таш айылынын тургуну Разия Өсөрова эки өлкөнүн чек арачыларга болгон мамилесин мындача салыштырды:

- Бизде чек арачылардын кызматы өтө чон. Булар болбосо бизде жашоо жок. Тажикстандын чек арачылары бизден жүз метр ылдыйда, алардын бул жерде 250дөй аскери бар, биздики 20 чакты. Кокус бир чыр чыгып кетсе алардан 50-60 аскер келсе, бизден он чек арачы келет. Анан чек ара кызматына келишим менен келгендер иштебей эле кайра кетип жатат. Мен бийликтегилерден ушул чек арачыларыбызга жакшы шарт түзүп, санын көбөйтүп берсе деп суранат элем.

Мурдагы чек арачы, учурдагы облус башчысынын (өкмөттүн облустагы өкүлү) коргонуу маселелери боюнча орун басары Саитжан Эратов Баткен облусунда 300дөй чек ара кызматкеринин орду бош калып, дагы бир тобу кеткенге ниеттенип жатканын айтат:

- Эгер мамлекеттин бүтүндүгү керек десек анда чек арадан башташыбыз керек. Ак үйдүн атарабын эле тосо бербей, чек арага көңүл бурушубуз керек. Баткен облусунда азыр 300дөн ашуун чек арачынын орду бош. Дагы ошончо адам рапорт жазып, кызматтан кеткенге даяр турат. Себеби чек арачылардын айлыгы өтө эле аз, анан социалдык шарт да начар. Кызматка келген офицерге жашаганга үй жок.

Чек ара бөлүгүнүн мурдагы зардалы Саитжан Эратов маселени чечүү үчүн бардык куралдуу күчтөр үчүн бирдей маяна чектеп, улам жетекчи алмаштыра бербей, турмушка ашчудай иш мерчем кабыл алуу зарылдыгын да кошумчалады.

- Мамлекетте аскер адамдарына карата бирдей саясат жүрүп, айлык акы, социалдык шарттар жагынан баарына бирдей мамиле жасалыш керек. Тилекке каршы андай болбой жатат. Коргоо министрлигине өзүнчө, ички аскерлерге өзүнчө, калган аскер бөлүктөрүнө өзүнчө мамиле... Айлыктары да ар башка, бирдей мамиле жок.

Кыргызстанда чек ара кызматы бирде Коргоо министрлигине кошулса, бирде өз алдынча боло калып келген. Акыркы жылдары Улуттук коопсуздук комитетине кирип калган чек ара аскерлиги өткөн айда кайрадан өзүнчө кызмат болуп түзүлдү.

XS
SM
MD
LG