Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:57

HRW Сирия бийлигин кластер бомбаларын колдонгону үчүн айыптады


Бул укук коргоочу эл аралык уюмдун ырастоосунда, Сириянын аба күчтөрү кластер бомбаларды козголоңчуларга каршы эл көп жашаган аймактарда колдонуп жатат. Уюмдун БУУдагы өкүлү Филипп Болопион Дамаскты бомбанын бул түрүнөн тез баш тартууга чакырды:

- Кластер бомбалар адегенде абада жарылып, андан кийин кеңири аймака чачырайт. Кээде ондогон, жүздөгөн бөлүктөрү футбол талаасындай жерге түшөт. Майда бомбалар жерге түшкөндө эле жарылбайт. Бөлүкчөлөр апта, ай, а түгүл жыл боюу дүрмөттүү бойдон жата берет.

Өз ырастоолоруна далил катары Хьюман Райтс Уочт видеотасманы да келтирди. Анда совет доорунда Орусияда жасалган кластердик бомба колдонулганы тартылган.

Президент Башар Асаддын режими кластер бомбага тыюу салган эл аралык конвенцияны ратификациялаган эмес. Ага 2008-жылдан бери 109 өлкө кошулган.
(UE)

XS
SM
MD
LG