Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:02

Фергана тоо кыркасында жер титиреди


Кечээ, 14-октябрдын кечинде Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, күчү 5 баллдык жер титирөөнүн очогу Фергана тоо кыркасында болду. Ал жер Ош облусунун Сары-Булак айылынан 30 чакырым түштүк-чыгышты, Салам-Алик айылынан 43 чакырым чыгышты, Өзгөн шаарынан 70 чакырым түндүк-чыгышты карай жайгашкан.

Жердин силкинүү күчү Сары-Булак айылында 4 балл, Салам-Алик айылында 3,5 балл болду.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG