Линктер

дүйшөмбү, 24-апрель, 2017 Бишкек убактысы 06:04

Тогуз-Тородо кышка камдалган сегиз тонна чөп күйүп кетти


Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районуна караштуу Көк-Ирим айыл аймагынын Бирдик айылында өрт кырсыгы катталды. Акматкуловдордун короосунда жыйылып турган 8 тонна чөп күйгөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт. Малчынын небереси, үч жашар Ислам Акматкулов от менен ойногон шоктугунан улам ушундай кырсык чыкканы айтылууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG