Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

Максим Бакиев камактан күрөөгө бошотулду


12-октябрда Лондондо кармалган Максим Бакиев сот башталганга чейин камактан күрөөгө бошотулду. Бул маалыматты "Азаттыкка" Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан тастыкташты.

Буга чейин Associated Press маалымат агенттиги Максим Бакиевдин 7-декабрда боло турган соттук отурумга чейин күрөөгө бошотулганын жазып чыккан эле.

Максим Бакиев 12-октябрда Британиянын тартип коргоо органдары тарабынан Лондондо кармалган. Президенттин аппараттынын маалымат кызматы кабарлагандай, ал АКШнын өтүнүчүнүн негизинде кармалган жана эми бул өлкөгө өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Ал эми АКШда Максим Бакиев "баалуу кагаздар боюнча көз боёмочулук кылды жана башка экономикалык кылмыш жасады" деп шектелип, ага издөө салынган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу, ошол тушта президентке караштуу Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин жетекчиси Максим Бакиевге Кыргызстанда өзүнүн өнөктөштөрү менен бирге миллиондогон долларлык мамлекеттик каражатты өз кызыкчылыгында пайдаланган жана апрел окуясынан кийин өлкөдө болгон кутумчул окуяларга тиешеси бар деген айып тагылып, ага эл аралык издөө жарыяланган. 2010-жылы июн айында ал Лондондо кармалганы айтылып, көп өтпөй кайрадан коё берилгени кабарланган.(BkA/RK)

XS
SM
MD
LG