Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:30

Депутаттарга ала качуудан майып болгон кыздын "белеги" берилет


Жогорку Кеңештин депутаттарына ала качуудан майып болуп калган кыздын каты жана гүлдестеси белек катары тартууланат. Мындай "ачуу" белек ар бир депутатка 18-октябрда эртең менен тапшырылмай болуп жатат. Ал күнү парламентте кыз ала качкандарды кылмыш жообуна тартып, жазалоону катуулата турган мыйзам долбоору боюнча добуш берилет. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Айкын багыт" уюмунун жетекчиси Мунара Бекназарова кабарлады.

Анын айтымында, азыр кыз ала качкандарды жазалоо үчүн Кылмыш кодексинин 155-беренеси колдонулат. Ал боюнча кылмышкерди үч жылга чейин эркинен ажыратып же административдик айыпка жыкса болот. Бирок бул берене дээрлик иштебейт. Эгер сунушталып жаткан мыйзам добоору парламентте колдоо тапса, жазаны катуулатып, 10 жылга чейин эркинен ажыратса болот.

Буга чейин бул маселени талкуулаган айрым депутаттар аталган мыйзам долбооруна каршы экенин билдирип, "анда Кыргызстандагы эркектердин жарымын түрмөгө камаш керек болуп калат", "бул айрым кыздардын мыйзамды өз кызыкчылыгына пайдалануусуна жол ачат" жана "каада-салт бузулат" деп айтып чыккан.

Аялдардын укугун коргогон бейөкмөт уюмдардын билдиргенине караганда, жыл сайын Кыргызстанда 13-15 миң кызды ала качып, үй-бүлө курууга мажбурлашат. Буга байланыштуу милицияга кайрылгандардын саны былтыр 9 гана болгон. Себеби кыздар өз укугун билбейт жана ала качкан адамды жазалоо мүмкүн экенине ишенбейт. Ала качууга байланыштуу Ысык-Көл облусунда жакында өткөрүлгөн иш-чарада былтыр бул облуста 3 кыз ала качкан жерде жашагысы келбей, өз жанын кыйганы маалым болгон.

Депутаттарга тапшырыла турган катты Бактыгүл аттуу кыз жазган. Анда Бактыгүлдү ала качкан адам кийин башка бүлө куруп, азыр бактылуу жашап жатканы, ал эми кыз ызасынан өз жанына кол салгандан кийин майып болуп калганы, эми эч кимге кереги жок, бактысыз адам экени айтылат. (RK)

XS
SM
MD
LG