Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:55

Нарматова: Жалал-Абадда ачкачылыкка чыккан беш адамдын абалы начарлады


Кечээтен бери Жалал-Абадда ачкачылык жарыялагандардын бешөөнүн кан басымы жогорулап, абалы начарлады. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин "Ата-Журт" фракциясынан депутат Надира Нарматова кабарлады. Анын айтымында, абалы оорлогондорго медицина кызматкерлери жакшы көңүл бурбай жатат.

Ал эми өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубалы Төрөмаматовдун билдиргенине караганда, ачкачылык жарыялагандардын арасынан кечээтен бери медициналык жардамга кайрылганы бирөө гана болду, баарына тиешелүү көңүл бурулууда. Анын айтымында, шаардын борбордук аянтында тез жардам унаасы күнү-түнү күзөттө турат.

3-октябрда Бишкекте бийликти басып алууга аракеттенген деген шек менен камакка алынгандардын бошотулушун талап кылган ачкачылык акциясы бүгүн да уланууда. Ага отуздан ашуун киши катышып жатат, 16сы - Баатыр энелер. (KJ/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG