Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

Түптөгү ачкачылык акциясы бүгүн да уланууда


Ысык-Көл облусунун Түп районунда жарыяланган ачкачылык акциясы бүгүн да уланууда. Түп - Кеген унаа жолунун боюнда боз үйдө нааразылык билдирип отургандардын бир тобу кечээ ачкачылык жарыялаган. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун "Азаттыкка" айтымында, ачкачылыкка чыккандардын саны 25 адам. Алардын жетөө эркектер, 18и - аялдар . Негизги талабы - камактагы депутат Садыр Жапаровду бошотуу.

“Ата-Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаров партиялаштары Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов менен бирге 3-октябрда Жогорку Кеңеш алдындагы тополоңдон кийин камакка алынган. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG