Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:33

Кыргыз-кытай мамилелери талкууланды


Бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кайвэнди кабыл алды.

Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык жаатындагы маселелер талкууланды.

Өзгөчө көңүл айыл чарба жана транспорт тармактарындагы байланыштарды бекемдөөгө бурулду.

Ошондой эле премьер-министр жана элчи гидроэнергетика, тоо-кен секторлорундагы инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG