Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:40

Апрель соту: Жаныш Бакиев кандай буйрук берген?


Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын мурдагы биринчи орун басары Нурлан Темирбаев (оңдо) сот залында. 18-март, 2011-жыл.
Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын мурдагы биринчи орун басары Нурлан Темирбаев (оңдо) сот залында. 18-март, 2011-жыл.

Сот алгач Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын мурдагы биринчи орун басары Нурлан Темирбаевдин көрсөтмөсүн укту.

15-октябрда алгач көрсөтмө берген мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын биринчи орун басары Нурлан Темирбаев 7-апрелдеги окуяларды тизмектеп, ошол кездеги президент Курманбек Бакивди Жалал-Абадга чейин коштоп барганын айтып берди. Бирок ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагууда.

Сотту созчу өтүнүчпү?

Апрель окуясы боюнча сотто 7-апрель күнү Ак үйдүн үстүндө болушкан “Альфа” кызматкерлеринин адвокаты Абдыкерим Ашыров өтүнүч келтирди. Ал тергөө чала жүргөндүктөн, ишти кайра артка жиберүү зарыл деген ойдо.

- Толук, ар тараптуу тергөө жүргүзүлгөн эмес. Тергөө убагында изилдене турган көп жагдайлар текшерилген эмес.

Бирок ишти кайра тергөөгө жиберүүнүн зарылчылыгы жоктугун айткан “Мекен шейиттери“ коомдук бирикмесинин төрагасы Осунбек Жамансариев “Азаттыкка” маегинде бул жерде сотту создуктуруу аракети болуп жатат дейт:

- Кайра артка - тергөөгө жиберүүгө эч кандай негиз жок. Булар соттук жараянды создуктуруунун аракетин жасап жатат. Бул өтүнүч азыр сотто канаатандырылбаса, жогору турган сотторго даттанууга укугу бар. Ошентип убакытты создуктурууга аракет кылууда. Адвокат өзү деле туура эмес өтүнүч келтирип жатканын түшүнүп жатат деп ойлойм.

“Темирбаевдин баяны”

Бирок судья Дамир Оңолбеков адвокаттын бул өтүнүчүн кароону кийинкиге калтырып, айыпталуучуларды суроону баштады. Алгачкылардан болуп
ошол кездеги Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиевдин биринчи орун басары Нурлан Темирбаев 7-апрелдеги окуяларды тизмектеп берди. Анын айтымында, 2010-жылдын 7-апрелинде саат 12лер чамасында Алма-Ата көчөсүндөгү көпүрө тушка барышат. Анын алдында эле митингчилер милиция кызматкерлерин кубалагандыктан, элдин сүрүнөн коркуп качууга арагасыз болушуптур:

- Биз ал жакка 80дей мамлекеттик күзөт кызматынын балдарын алып барганбыз. Биздин максатыбыз - ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновдун коопсуздугун камсыздоо болгон. Анткени Данияр Үсөнов митингчилерге барат деп бизге айтылган эле. Бирок ал келген жок. Биз барган учурда качып келген милиция кызматкерлери ар-ар жерде 5-6дан чачыранды болуп турган экен. Ал эми элдин саны болсо, балким 3 миң, балким 5 миңдей болчу, так билбейм. Ал жердеги түзүлгөн кырдаалга жараша биз качууга аргасыз болдук. Биз коргонуу максатында асманга гана ок чыгарганбыз.

Таш тийип, бутун кокустатып алганын айткан Темирбаев Ак үйгө келип, андагы президент Курманбек Бакиевди Жалал-Абадга жеткиргенге чейин ошол жерде болгонун, бирок буту ооруп тургандыктан, Ак үйдү коргоо иштеринин бирине да катышпагынын айтып актанды. Бирок ал рация аркылуу Жаныш Бакиевдин “Ак үйдү карай аткандарга жооп кылып, кайра өздөрүн аткыла” деген буйругун укканын белгиледи:

- Мен отурган Ак үйдүн 6-кабаттагы кабинетинде 5-6 рация сайылып турган. Мен алардагы сүйлөшүүлөрдү угуп отурдум. Кимдир бирөө “бизди карай автомат менен атып жатат, Чүй көчөсүндө автоматчандар жүрөт” деп айтып калды. Ошондо Жаныш Бакиев ким атса, өздөрүн кайра аткыла деген буйрук берди. Анын буйругун рация аркылуу башкаларга таратып жатышты.

Темирбаев - Жаныш Бакиевдин "оң колу" беле?

Нурлан Темирбаев Жаныш Бакиевдин тапшырмасы менен ошондогу президент Курманбек Бакиевди Жалал-Абадга чейин коштоп барган. Кийин өзүнө издөө жарыяланганын угуп, 10-апрелде Жалал-Абаддан Баткен аркылуу Тажикстандын Хожент шаарына барып баш калкалайт. 2-3 ай өтүп, буту айыккандан кийин гана өз каалоосу менен УКМКга келгенин кошумчалады. Ал сотто өзүнө коюлган айыптардын баарын четке какты.

Ал эми апрель окуясында уулунан ажыраган Нурия Айдабосунова аны менен макул болбой, 7-апрелде ошол кездеги бийлик чагым уюштурган деп эсептейт:

- Эл “Форумдун” алдына курултайга чогулушкан. Элдин Ала-Тоо аянтына барабыз деген эч кандай ниети жок болчу. Укук коргоо кызматкерлери өздөрү куралчан, беткапчан келип, элдин кыжырына тийишкен. Барынан кызыгы, бир машине толтура куралдарды атайын алып келип, таштап коюшкан. Иттер менен келип, элди эмне чогулуп турасыңар деп кубалашкан. Ошондой иштер менен булар атайын чагым уюштурушкан.

Ал эми мурдагы президенттик аппараттын башчысы Медет Садыркуловдун бир тууган иниси, соттук жараянга байкоо салып келген Болоткан Садыркуловдун айтымында, Нурлан Темирбаев Жаныш Бакиевдин эң ишенимдүү адамы болгон. Ал Темирбаев Медет Садыркуловдун өлүмүнө да катышып, Жаныш Бакиевдин ишенимине кирген дейт.

- Мени байкем өлтүрүлгөндөн кийин бул кызматынан жогорулаган. Жаныш Бакиевдин эң жакын, ишенген кишиси болуп калган.

Темирбаевден тышкары, сотто ошол кездеги жоопту кызматты ээлеп турган Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов, Каныбек Жороев, Мурат Суталинов, Данияр Дунганов жана башкалар кезеги менен көрсөтмө берип баштамакчы. Жалпысынан апрель окуясы боюнча 28 адамга айып коюлуп, анын ичинде Курманбек Бакиев жана Жаныш Бакиев баштаган алты адам издөөдө жүрөт. Аларга массалык адам өлтүрүү, кызматынан ашкере пайдалануу жана башка беренелер боюнча айыптар тагылууда.

XS
SM
MD
LG