Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

ЕККУнун аз улуттар боюнча Жогорку комиссары Кыргызстанда


ЕККУнун аз улуттар боюнча Жогорку комиссары Кнут Воллебек Кыргызстандагы туруктуулук Борбор Азия үчүн маанилүү экенин бүгүн Бишкекте өлкө президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушуусунда билдирди. Кнут Воллебек Кыргызстандагы саясий кырдаалдын туруктуулугу Борбор Азия гана эмес, жалпы ЕККУнун аймагы үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташууга даяр экенин билдирди. Президент Алмазбек Атамбаев өз кезегинде улуттар ынтымагын бекемдөөгө негиз болуп бере ала турган атайын концепция иштелип жатканын маалымдап, бул маселе Кыргызстан үчүн да маанилүү экенин бекемдеди.

ЕККУнун аз улуттар боюнча Жогорку комиссары Кнут Воллебек Кыргызстанга 15-октябрда келди, иш сапары учурунда ал мамлекет башчыдан тышкары премьер-министр жана Тышкы иштер министри менен жолугушуп, өлкөдөгү азчылык улуттардын укугу тууралуу баарлашты.

Кнут Воллебек өзүнүн сапары учурунда Ош, Жалал-Абад облустарына жана Токмок шаарына барып, анда жашаган улуттардын өкүлдөрү менен жолугушары кабарланган. Буга чейин БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Нэви Пиллай Кыргызстанда азчылык улуттардын укуктары тебеленип жатканын билдирип, мамлекет жетекчилигин буга көңүл бурууга чакырган эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG